Догдуркүл Кендирбаева Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин коллегиялык отурумуна катышты
12 февраль

Догдуркүл Кендирбаева Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин коллегиялык отурумуна катышты

Бүгүн, 12-февралда, Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин жыйынтыктоочу коллегиялык отуруму болуп өттү.

Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева мектептик жана жогорку билим берүүнүн ортосундагы стратегиялык байланышты чыңдоонун маанисин белгиледи. Анын айтымында, 12 жылдык билим берүүгө өтүү жана предметтик стандарттардын түп-тамырынан өзгөрүшү жогорку окуу жайлардын программаларына да түздөн-түз таасир этет. Министр мектеп менен жогорку окуу жайлар бирдиктүү билим берүү мейкиндигинин өз ара толуктоочу бөлүктөрү катары иш алып барууга тийиш экенин баса белгиледи.

«Бүгүнкү күндө биздин предметтик стандарттар толугу менен жаңыланды. Кийинки жылдан баштап айкалышкан предметтерге өтө баштайбыз жана мазмун жагынан дүйнөлүк билим берүү системасына интеграцияланып жатабыз. Бул процессте жогорку окуу жайлар негизги өнөктөш катары активдүү катышууга тийиш», – деди Догдуркүл Кендирбаева.

Ошондой эле министр кадр даярдоо маселесине токтолуп, мектептердеги трансформация университеттердин жоопкерчилигин күчөтөрүн белгиледи. Анын айтымында, айрым предметтер боюнча адистер жетишсиз, кээде адистиги дал келбеген мугалимдер сабак берип жаткан учурлар катталууда. Бул жагдай жогорку окуу жайлардын адистиктерди пландоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу иштерин кайра карап чыгуу зарылдыгын көрсөтөт. Министр мектептерди профилдештирүү башталганын айтып, жогорку класстарда ЖОЖдор менен интеграцияланган окутуу моделин киргизүү сунушун билдирди.

Коллегиялык жыйындын соңунда жогорку билим берүү тармагын мындан ары өнүктүрүү багытындагы артыкчылыктуу иш алып баруу талкууланды.