Жалал-Абад: Жаңы курулган мектеп сентябрда пайдаланууга берилет
1 июль

Жалал-Абад: Жаңы курулган мектеп сентябрда пайдаланууга берилет

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Өрүктү айылында 275 орундуу жалпы билим берүүчү орто мектеп курулду.

Объекттин курулушу мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланып, жалпы наркы 132 миллион сомду түздү. Долбоорго ылайык, мектептин жалпы аянты 1 665 чарчы метрди түзөт.

Мектепте 9 окуу классы, лаборатория, 103 орундуу жыйындар залы, ашкана, окуу залы менен китепкана жана бардык шарттары каралган спорт залы жайгашкан.

Курулуш-монтаждоо иштери Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан көзөмөлдөндү.