Өзгөн шаарында жаңы бала бакча ачылды
Өзгөн шаарында жаңы “Жеткинчек муун” мектепке чейинки билим берүү мекемеси ачылды. Анын ачылышына бүгүн, 20-январда агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева катышты.
Ошондой эле иш-чарага агартуу министринин биринчи орун басары Мухтарбек Баймурзаев, КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев жана Өзгөн районунун акими Каныбек Апбасов ждана башкалар катышты.
Балдар үчүн заманбап шарттар түзүлгөн бала бакча 110 орунга ылайыкталган. Анын курулушу 2023-жылы башталган.
