Ошто “Асан-Үсөн” бала бакчасынын кошумча 100 орундуу имараты ачылды
20 январь

Ошто “Асан-Үсөн” бала бакчасынын кошумча 100 орундуу имараты ачылды

Бүгүн, 20-январда Ош шаарынын А.Масалиев көчөсүндөгү “Асан-Үсөн” бала бакчасына кошумча курулган 100 орундуу имаратынын ачылыш аземи болду. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Саамалыкка мэр Жеңишбек Токторбаев, агартуу министри Догдургүл Кендирбаева, ппрезиденттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов, бала бакча жамааты жана ата-энелер катышты.

Калаа башчысы бакчанын ачылышында шаар тургундарына:

“Быйыл Ош шаарына республикалык бюджеттен мектептер жана бала бакчалар үчүн жалпы 1 млрд 300 млн сом бөлүнүп берилди. Бул урматтуу президентибиз Садыр Нургожоевичтин Ош шаарына болгон сый-урматы жана камкордугу”, – деп билдирди.

Бул бала бакчанын имаратынын эскилиги жетип, оор шартта иштеп келген. Мэрдин тапшырмасына ылайык, “Асан-Үсөн” бала бакчасына кошумча 100 орундуу жаңы, заманбап имарат курулду. Ошондой эски имараты да толук оңдоп-түзөөдөн өтүп, терезелери жаңыланып, фасады оңдолуп, балдар ойноочу аянтчалар, беседкалар жана отургучтар орнотулду.