Комитет депутаттардын «Баатыр энелердин» балдарына мамлекеттик билим берүүдөгү жеңилдиктерди берүү демилгесин колдоду
30 март

Комитет депутаттардын «Баатыр энелердин» балдарына мамлекеттик билим берүүдөгү жеңилдиктерди берүү демилгесин колдоду

Бүгүн, 30-марттагы Жогорку Кеңештин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында «Кыргыз Республикасынын «Баатыр эне» ордени менен сыйланган энелердин балдарына мамлекеттик билим берүүдөгү жеңилдиктерди берүү жөнүндө» Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору каралды.

Демилгечилер – депутаттар Медер Чотонов, Исманали Жороев, Бахридин Шабазов, Нуржамал Торобекова, Жылдыз Эгенбердиева, Гүлнара Баатырова, Эдита Тайгараева, Болот Сагынаев, Гүлсүнкан Жунушалиева, Бактыяр Калпаев.

Аталган маселе менен демилгечилердин бири, депутат Медер Чотонов тааныштырды. Анын айтымында, токтом долбоорунун максаты Кыргыз Республикасынын «Баатыр эне» ордени менен сыйланган энелердин өзгөчө эмгегин таануу, социалдык адилеттүүлүктүн конституциялык принциптерин ишке ашыруу жана билим алууга бирдей жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу, жаштардын билим деңгээлин жогорулатуу, ошондой эле үй-бүлөнү, энени жана баланы колдоо боюнча мамлекеттик саясаттын алкагында үй-бүлө институтун чыңдоо жана Кыргыз Республикасынын демографиялык өсүүсүн өбөлгөлөө үчүн шарттарды түзүү болуп саналат.

«Бул токтомдун негизги максаты Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык «Баатыр эне» ордени менен сыйланган энелердин балдарына менчигинин түрүнө, ведомстволук таандыгына жана статусуна карабастан кесиптик жогорку билим берүү уюмдарында контрактык негизде окуусун төлөөгө 50 пайыздык мамлекеттик жеңилдик берүү болуп саналат», – деди.

Талкуу маалында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, финансы министринин орун басары Улугбек Календеров министрликтин корутундусуна ылайык, токтом долбоору менен сунушталган жеңилдиктерди каржылоо республикалык бюджетке келтирилиши мүмкүн болгон тобокелдиктерди чектөө максатында гранттык негизде берилген каражаттардын эсебинен гана жүргүзүлүшү мүмкүн экенин маалымдады.

Муну менен катар комитет мүчөлөрү «Баатыр энелердин» балдарын колдоо керектигине токтолуп, демилгенин социалдык маанисин баса белгилешти. Ошону менен бирге эл өкүлдөрү демилгечилерди аталган маселени тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте кайрадан карап чыгып, компромистик вариантты иштеп чыгууга чакырышты.

Жыйынтыгында депутаттардан түшкөн сунуштарды жана тармактык министрликтердин корутундуларын эске алуу менен колдоо тапты.