Жети-Өгүздө жаңы 100 орундуу бала бакча ачылды
16 декабрь

Жети-Өгүздө жаңы 100 орундуу бала бакча ачылды

Жети-Өгүз районунун Желе-Дөбө айылында жаңы 100 орундуу бала бакчанын курулушу бүткөрүлүп, колдонууга берилди. Бул тууралуу Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунан кабарлашты. 

Имараттын курулушу 2021-жылы башталган.

Бала бакча эки кабаттан туруп, аянты жалпысынан 874 чарчы метрди түздү.

Курулушка Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусу 56 млн. сом каражат бөлгөн. Бул каражатка имараттын курулушу, айлана-тегерегин жашылдандыруу, керектелүүчү эмеректер жана жабдыктар сатылып алынды. Бала бакчада балдар үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Жаны ачылган бала бакча көптөгөн бөбөктөргө мыкты тарбия берип, айыл элинин кызматында болмокчу.