Кара-Суу шаарында В. Ленин атындагы мектепке кошумча корпус курулууда
Ош облусунун Кара-Суу шаарындагы В. Ленин атындагы мектепке 450 орундуу кошумча корпус курулуп жатат. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.
Наркы 107 миллион сомду түзгөн объекттин курулушу өткөн жылдын апрель айында башталып, республикалык бюджеттен каржыланууда.
Жалпы аянты 2304 чарчы метр болгон кошумча корпуста заманбап окуу класстарынан тышкары лаборатория, химия, биология жана компьютердик кабинеттер, дарыгердин бөлмөсү, ошондой эле кыздар жана балдар үчүн эмгек кабинети каралган.
Азыркы тапта курулуш-монтаждоо иштеринин 87 пайызы аткарылды. Курулушту жыл аягына чейин толук бүткөрүү пландалууда.
