1729 талапкер билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына өткөрүлүүчү конкурска катышат
Эртең, 2026-жылдын 25-июлунда, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-апрелиндеги №258 токтомуна ылайык башталгыч, негизги жана орто жалпы билим берүү уюмдарынын директорлорунун бош кызмат орундарына квалификациялык тестирлөө өткөрүлөт.
Аталган тестирлөө мектепке чейинки, жалпы билим берүү, башталгыч кесиптик жана мектептен тышкаркы билим берүү уюмдары үчүн бирдиктүү кадрдык резервди түзүүгө багытталган.
Квалификациялык тестирлөөнүн биринчи этабы 25-июлдан 31-июлга чейин уланат. Тестирлөөгө катышуу үчүн талапкерлер 2026-жылдын 20-июнунан 15-июлуна чейин «Мугалим» автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу документтерин тапшырышкан.
Тандоонун жыйынтыгында жалпы 2147 өтүнмө түшүп, алардын ичинен 1729 талапкердин документи кабыл алынды. Ошондой эле 90 талапкердин документи четке кагылып, 328 документ оңдоого жөнөтүлдү.
Билим берүү уюмдары боюнча өтүнмөлөр төмөнкүдөй келип түштү:
- мектепке чейинки билим берүү уюмдарына – 747 талапкер;
- жалпы билим берүү уюмдарына (мектептерге) – 1137 талапкер;
- башталгыч кесиптик билим берүү уюмдарына – 116 талапкер;
- мектептен тышкаркы билим берүү уюмдарына – 147 талапкер.
Жалпысынан 1729 талапкерге квалификациялык тестирлөөгө катышууга уруксат берилип, алар 25-июлда конкурстун биринчи этабына катышышат.
Эске салсак, квалификациялык тестирлөөгө өтүнмө берүүнүн экинчи этабы дагы каралган. Экинчи этапка катышуу үчүн өтүнмөлөр 2026-жылдын 8-августунан 31-октябрына чейин кабыл алынат. Ал эми конкурстун экинчи этабы 16-ноябрдан 27-ноябрга чейин өткөрүлөт.
Конкурсту уюштуруу жана өткөрүү Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаменти тарабынан жүргүзүлөт.
