Аламүдүн районунда иштеген чет элдиктерге КРнын мыйзамдарын сак сактоо керектиги эскертилди
Аламүдүн районунда 22-июлда чет өлкөлүк жарандарды ишке тарткан ишканалардын өкүлдөрү менен профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынан кабарлашты.
Иш-чарага Аламүдүн РИИБдин жетекчилиги жана экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын кызматкерлери, ошондой эле Чүй ОИИББдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын өкүлдөрү катышты.
Профилактикалык иш-чаралар чет өлкөлүк жарандар көп эмгектенген Аламүдүн районунун Кара-Жыгач айыл аймагындагы курулуп жаткан ГИК объектисинде жана Байтик Баатыр айыл аймагындагы Боз-Бөлтөк тоосунда жайгашкан «Илина Групп» ЖЧКсында өткөрүлдү.
Жолугушуулардын жүрүшүндө чет өлкөлүк жарандарды мыйзамдуу негизде ишке алуу, миграциялык мыйзамдардын талаптарын так сактоо, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу жана укук бузуулардын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле иш берүүчүлөргө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын так сактоо боюнча сунуштар жана эскертүүлөр берилди.
