Ала-Бука районунда жаңы бала бакча пайдаланууга берилди
5 декабрь

Ала-Бука районунда жаңы бала бакча пайдаланууга берилди

Күн мурун, 4-декабрда Ала-Бука районунун Кажар айылында курулган 75 орундуу №32 “Алтын Казык” бала бакчасынын ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашты. 

Иш-чарага облус башчысы Тилек Текебаев, район акими Руслан Айтбаев жана айыл тургундары катышты.

Аталган мектепке чейинки билим берүү мекемеси Ала-Бука райондук өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланып, жалпы сметалык баасы 36 млн 300 миң сомду түзгөн

Иш-чаранын алкагында облус башчысы Тилек Текебаев айыл тургундарын жаңы социалдык объекттин пайдаланууга берилиши менен куттуктап, алыскы айылда мындай бала бакчалардын ачылышы ата-энелер үчүн чоң колдоо болоорун белгиледи.