Ош шаарындагы Салижан Жигитов мектебинин аймагындагы курулуштар алынып, айланасы тосулду
Ош шаарындагы Салижан Жигитов мектебинин аймагындагы курулуштар алынган соң айланасын тосуу иштери жүргүзүлдү.
Мэриядан кабарлашкандай, мектептин кире беришине дарбазасы тургузулуп, түнкү жарыктандыруу орнотулду.
Бүгүн Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетовдун катышуусунда имараттын айланасын тосуу долбоору толук аяктап тапшырылды.
Бул долбоорду ишке ашыруу менен окуучулардын коопсуздугун камсыздап, билим берүү мекемесинин инфраструктурасы заманбап талапка ылайык келтирилди.
