Исиралиева: СТЕМ багытындагы мугалимдердин айлык акысы жогору болот, бирок бул тармакты тандаган абитуриенттер аз
Кыргызстанда педагогикалык адистиктин СТЕМ багытына тапшыргандар азаюуда. Бул тууралуу КР Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин жогорку, орто кесиптик, жана жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Айнура Исиралиева “Биринчи радионун” эфиринде билдирди.
Айтымында, быйылкы жогорку жана орто кесиптик окуу жайларына кабыл алуу кампаниясы бир топ өзгөчөлүктөр менен коштолду. Биринчиси, кесиптик орто окуу жайларына дагы абитуриенттер ЖРТ жыйынтыгы менен кабыл алынды. Экинчиси, бул тууралуу кабардар болушпагандыктан, көп абитуриенттер ЖРТ тапшыруудан кечигип калгандыктан, кабыл алуу турлары узартылды. Ошондой эле белгиленген босого баллдары ылдыйлатылды.
Исиралиева белгилегендей, быйыл мамлекет тарабынан жогорку окуу жайларына 10 миң гранттык орун бөлүнгөн. Анын 1 824ү ваучердик система менен педагогикалык адистиктерге берилген.
“Контракттык негизде 55 299 бала окууга өттү. Гранттык орундар үчүн конкурска катышкандардын саны 26 646 абитуриентти түздү. Ал эми контракттык негизге 51 799 бүтүрүүчү каттоодон өткөн. ЖРТнын жыйынтыгы менен жогорку окуу жайларга контракттык негизде 31 030 бала кабыл алынды. Гранттык орунга – 8 228 бүтүрүүчү. Алтын сертификат алган бүтүрүүчүлөрдүн төртөөсү гранттык орунга кирди. 61 гранттык орун этникалык кыргыздарга – Кытайдан, Тажикстандан жана Өзбекстандан келгендерге берилди”, – деди ал.
Айнура Исиралиеванын айтымында, жыл сайын медициналык багытка тапшыргандардын катары көп. Быйыл медициналык окуу жайларына 746 бала бюджеттик, ал эми 2 778и контракттык негизде өттү. Ошондой эле, маалыматтык-технология, киберкоопсуздук, блокчейн, IT багыттарын тандоо жогору – бюджеттик орунга – 1 150, контрактка – 2 330.
Өлкөдө курулуш тармагы өнүгүп жатканына байланыштуу, быйыл курулуш-архитектура тармагын тандагандар да көбөйдү – гранттык орунга – 474, контракт – 1 330.
Андан сырткары транспорт, тейлөө, энергетика, өндүрүш, айыл чарба, телекоммуникация, тоо-кен, экология, жеңил өнөр жай, геодезия тармактары дагы жаңы студенттерсиз калган жок.
“Бирок ошол эле учурда педагогика адистигинин СТЕМ багытына тапшыргандар аз болду. Бул математика, химия, биология багыты. Менин жеке пикиримде, буларды окуу оор деп ойлошот окшойт. Бирок СТЕМ багытындагы мугалимдердин айлык акысы башкаларга салыштырмалуу жогору болот. Аны эске алуу керек”, – деди ал.
