Кыргызстанда обсерватория куруу мүмкүнчүлүгү талкууланууда
Кыргызстанда заманбап астрономиялык обсерватория куруу идеясы пайда болду. Бул тууралуу физика-математика илимдеринин кандидаты, ММУнун доценти Владимир Сурдин «Sputnik» радиосунун эфиринде билдирди.
Анын айтымында, эфирдин алдында кыргызстандык ишкерлер менен жолугушуу болуп, алар мындай долбоорго кызыгуусун билдиришкен.
Окумуштуу обсерватория куруу чечимин алдын ала изилдөөлөрсүз кабыл алууга болбой турганын белгиледи.
Обсерватория үчүн абасы кургак, булуттуулугу аз жана ачык түндөр көп болгон жерди табуу зарыл.
Сурдин белгилегендей, Кыргызстандагы бийик чокулардын үстүндө суунун буулануусунан улам булуттар көп пайда болот. Ошондуктан ылайыктуу жерди атайын изилдеп табуу керек.
Потенциалдуу жерлер аныкталгандан кийин, окумуштуу ал аймактарга кесипкөй экспедицияларды жөнөтүп, бир нече ай бою байкоо жүргүзүүгө шарт түзгөн факторлорду изилдөөнү сунуштады.
