Жеке менчик мектептерди лицензиялоо жол-жобосу жөнөкөйлөштүрүлдү
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Башталгыч жалпы билим берүү программаларын ишке ашырган жеке менчик мектептерди лицензиялоону жөнөкөйлөтүү аркылуу билим алууга жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу» жана «Өкмөттүк акселераторлор жөнүндө» буйругун аткаруу алкагында жеке менчик мектептерди лицензиялоо тартибин жеңилдетүү боюнча иш жүргүзүүдө.
Жаңы тартипке ылайык, лицензия алууга арыздарды кароо мөөнөтү 30 күндүн ордуна 20 күнгө чейин кыскартылды. Лицензиялык кеңеш жоюлуп, лицензияга чейинки текшерүү алынып салынды. Мындан тышкары, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана Саламаттык сактоо министрлиги корутундуларды берүү мөөнөтүн кыскартуу боюнча иш алып барса, Санариптик өнүктүрүү министрлиги лицензиялоонун автоматташтырылган тутумун иштеп чыгууда.
Эми талаптарга жооп берген документтерди тапшырган жеке менчик мектеп ачуу демилгечилери лицензияны тез жана ыңгайлуу тартипте ала алышат. Бул үчүн аймактык билим берүү органдарына же Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараттарына кайрылууга болот. Адистер лицензия алуу боюнча кеңеш жана жардам көрсөтүшөт.
Агартуу министрлиги ишкерлерди, инвесторлорду жана жарандык коомду жеке менчик билим берүү тармагын өнүктүрүүгө активдүү катышууга чакырат.
