www
15 май
Улуттук илимдер академиясынын президенти алмашты
Улуттук илимдер академиясынын президенти алмашты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, президент кол койгон Жарлыкка ылайык, КР Конституциясынын 71-беренеси жетекчиликке алынып, “Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти Абдрахматов Канатбек Ермекович ээлеген кызмат ордунан бошотулду.
Президент кол койгон башка жарлыкка ылайык, Бекмамат Дженбаев Улуттук илимдер академиясынын президенти болуп дайындалды.
