Кыргызстандын жарандары үчүн Венгрияда «Stipendium Hungaricum» программасы боюнча окууга сынак жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен Венгриянын Тышкы иштер жана соода министрлигинин ортосундагы 2025–2027-окуу жылдарына карата «Stipendium Hungaricum» программасын ишке ашыруу боюнча Өз ара түшүнүшүү меморандумун аткаруу максатында 2026–2027-окуу жылдарга Венгриянын жогорку кесиптик билим берүү уюмдарында билим алууга Кыргыз Республикасынын жарандарын тандоо үчүн сынак жарыялайт.
Берилген квоталардын көлөмү:
Эки тараптуу келишимдердин алкагында Венгрия тарап төмөнкүдөй бөлүштүрүлгөн 200 квота сунуштайт:
Бакалавриат (BA/BSc) / бир деңгээлдүү магистратура (One-tier Master/OTM) – 130 орун;
Магистратура (MA/MSc) – 50 орун;
Докторантура (PhD/DLA) – 20 орун.
Бул квоталар Венгрия Өкмөтүнүн «Stipendium Hungaricum Scholarship Programme» стипендиялык программасынын алкагында берилип, аны «Темпус» коомдук фонду башкарат.
Катышуу шарттары жана документ тапшыруу тартиби:
Сынакка 2026-жылдын 31-августуна карата 18 жашка толгон Кыргыз Республикасынын жарандары катыша алышат:
Кошумча маалымат төмөнкү шилтемелерде:
https://student.edu.gov.kg/
https://apply.stipendiumhungaricum.hu
https://stipendiumhungaricum.hu/wp-content/uploads/2025/10/BA_MA_OTM_Call_for_Applications_2026_27.pdf
https://stipendiumhungaricum.hu/wp-content/uploads/2025/10/PhD_Call_for_Applications_2026_27.pdf
