Ош шаарында 280 орундуу Көкүм-Бий балдар бакчасы пайдаланууга берилди
11 февраль

Ош шаарында 280 орундуу Көкүм-Бий балдар бакчасы пайдаланууга берилди

Бүгүн, 11-февралда Ош шаарында 280 орундуу заманбап балдар бакчасы ачылды. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Ачылыш аземге Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болотбек Баетов жана жергиликтүү тургундар катышты.

Бул мектепке чейинки билим берүү мекемеси шаар тургундары үчүн чоң белек болуп, жүздөгөн бөбөктөргө сапаттуу тарбия жана билим алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Балдар бакчасы бардык талаптарга жооп берген шарттар менен камсыздалып, кенен жана жарык тайпалар, оюн аянтчалары, коопсуз жана ыңгайлуу шарттар каралган.

Белгилей кетсек, аталган бала бакча 1998-жылы мыйзам талаптарын бузуу менен жеке менчикке өтүп кеткендиги аныкталган.

Шаар башчысынын тапшырмасына ылайык №70 Көкүм-Бий бала бакчасынын фасадын сырдоо, ички бөлүгүн жасалгалоо жана балдар ойноочу аянтчаларын куруу иштери жасалган.