Ош: 280 орундуу бала бакча жакында пайдаланууга берилет
Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин тапшырмасына ылайык, №18 Көкүм-Бий бала бакчасынын фасадын сырдоо, ички бөлүгүн жасалгалоо жана балдар ойноочу аянтчаларын куруу иштери толук аяктады.
Мэриядан кабарлашкандай, объект жакынкы күндөрү пайдаланууга берүүгө даяр.
Белгилей кетсек, аталган бала бакча 1998-жылы мыйзам талаптарын бузуу менен жеке менчикке өтүп кеткендиги аныкталган.
