Агартуу министрлиги: 27 миң мугалимге жаңы ноутбуктар тапшырылды
22 август

Агартуу министрлиги: 27 миң мугалимге жаңы ноутбуктар тапшырылды

Агартуу министрлигинин маалыматы боюнча, КРнын билим берүү тарыхында алгачкы жолу мугалимдерди заманбап техника менен кеңири камсыздоо иши жүргүзүлүүдө. Учурда өлкө боюнча 27 миң мугалим жаңы ноутбуктарды алды, ал эми ушул жылдын ноябрь айына чейин дагы 27 миң ноутбук берүү пландалууда.

Массалык сатып алуудан мурун техника үч айлык сыноодон өтүп, шаардык жана айылдык мектептерди камтыган ар кайсы аймактардагы 220 мугалим тарабынан текшерилген.

Мугалимдер ноутбуктарды негизги көрсөткүчтөр боюнча баалашты: процессордун иштөө ылдамдыгы, батареянын сапаты жана өз алдынча иштөө мөөнөтү, клавиатура менен экрандын ыңгайлуулугу, «Күндөлүк» жана «Мугалим» системаларында туруктуу иштөөсү, ошондой эле «Санарип кампа» порталындагы онлайн-сабактар менен мультимедиялык материалдарды колдонуу мүмкүнчүлүгү.

Сурамжылоонун жыйынтыгында ноутбуктар бардык категориялар боюнча эң жогорку бааларды алды. Билим берүү министрлиги белгилегендей, өлкөнүн билим берүү тарыхында мугалимдерди заманбап техника менен мынчалык кеңири камсыздоо биринчи жолу болуп жатат.