Жогорку билим берүү министри Гүлзат Исаматова Ысык-Көл облусуна жумушчу сапары менен барды
8 январь

Жогорку билим берүү министри Гүлзат Исаматова Ысык-Көл облусуна жумушчу сапары менен барды

2026-жылдын 6-январында Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гүлзат Исаматова Ысык-Көл облусуна жумушчу сапар жасады.

Сапардын алкагында министр алгач академик Курман-Гали Каракеев атындагы Ысык-Көл айыл чарба техникумуна барды. Бул техникум Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин алдында иш алып барып, Түп районунун Ак-Булуң айылында жайгашкан. Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаты Табылды Муратбеков да катышты. Катышуучулар билим берүү имараттарынын абалы, практикалык базалар жана студенттер үчүн түзүлгөн шарттар менен таанышып, агрардык тармак үчүн кадрларды даярдоо маселелерин талкуулашты.

Андан соң министр Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетине барып, окуу корпустары, заманбап лабораториялары, жатаканалары жана студенттер менен окутуучулар үчүн түзүлгөн шарттар менен таанышты. Университеттин өнүгүү багыттары, билим берүү программаларын өркүндөтүү, инновациялык окутуу ыкмаларын киргизүү жана илимий-изилдөө иштерин кеңейтүү маселелери талкууланды.

Жумушчу сапардын жыйынтыгында министр региондордогу билим берүү мекемелерин өнүктүрүү, алардын материалдык-техникалык базасын чыңдоо, практика багытындагы окутууну кеңейтүү жана бүтүрүүчүлөрдүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу маанилүү экенин баса белгиледи.