Өзгөн районуна караштуу Алга айылындагы бала бакча жакында ачылат
Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Алга айылындагы жаңы бала бакчанын курулушу бүткөрүлдү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен кабарлашты.
Маалыматта айтылгандай, жакында бөбөктөргө эшигин ачат. Заманбап үлгүдөгү бала бакча 90 орунга ылайыкталган.
Курулуш иштери Турак жай жарандык курулуш департаменти тарабынан ишке ашырылып, республикалык бюджеттен 68 миллион сом каржыланды.
Бала бакчанын жалпы аянты 1867 чарчы метр, эки кабаттан турат. Объекттин курулушу 2024-жылы башталган.
