12 жылдык билим берүү: Окуучу мектепти бир гана аттестат эмес, кошумча кесиптик билим менен аяктайт
17 февраль

12 жылдык билим берүү: Окуучу мектепти бир гана аттестат эмес, кошумча кесиптик билим менен аяктайт

Кыргызстан 2025-2026-жаңы окуу жылында 12 жылдык билим берүүгө өтөт. Бул системанын алкагында кандай өзгөрүүлөр болоорун жана артыкчылыктары эмнеде экенин Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова Биринчи радионун түз эфиринде түшүндүрдү. 

Айтымында, эксперттик жана практик коомчулугунун өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ бул жагдайды абдан кылдат талдап чыккан. Анда дүйнөдөгү канча өлкөлөр бул системага өткөнү жана канчалык деңгээлде ийгиликке жетише алганы, аны менен катар Кыргызстандын мүмкүнчүлүктөрү каралган. Анын негизинде концепция иштелип чыккан. 

«12 жылдык билим берүү системасы дегенде коомчулук бир гана мөөнөтүнө көңүл буруп жатат. Кеп мөөнөтүндө эмес, дайыма алдыга жылып, өзгөрүп турчу билим берүү системасында. Албетте, биз дүйнөлүк тажрыйбаны изилдедик, аны менен катар өзүбүздүн баалуулуктарыбызга таяндык. 

Эмне үчүн дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүнүн жаштары өзү тандап алган кесиби аркылуу өлкөсүнүн экономикасына салым кошуп жатат? Анткени, кайсы тармакты алба, ал жер иштеген адам кесипкөй болсо, өз кесибин жакшы алып кетсе, анда өлкөнүн экономикасы алдыга жылат. Биз ошондой кадрларды берип жаткан билим берүү системасы эмнеге таянып жатканын изилдедик», – деди министрдин орун басары. 

Ал белгилегендей, 12 жылдык билим берүүдө мектептер 1-класстан баштап практикага багытталат. Анткени, теория башка, практика башка экени белгилүү, теориядан алдына эч кимди салбаган бала практикадан артта калышы мүмкүн, же тескерисинче. Кыргызстан 12 жылдык билим берүүгө өтүү менен окуучуга дайыма изденүүгө, умтулууга жана өзүнүн өнүгүүсү үчүн аракет кылууга шарт түзүп берет, а бул болсо ийгиликтин башаты болуп берээри анык, дейт Надира Жусупбекова. 

Ошондой эле, министрдин орун басарынын айтымында, 12 жылдык билим берүүдө окуучулар мектептен баштагыдай орто билимин тастыктаган аттестат гана алып чыкпастан, кошумча жарым кесиптик билимге да ээ болушат. Бул кесиптик лицейлердин же ошол мектептин өзүнүн базасында ишке ашат. Окуучулар ашпозчу, чачтарач же баштапкы деңгээлдеги программист кесибине ээ болушат. Андан сырткары жогорку класстардардын окуучуларына тандоо мүмкүнчүлүгү берилет. Мисалы, окуучу келечек кесибин так илимдер жаатында көрсө, ал так илимдерди тереңдетип окуйт дагы, гуманитардык предметтерге азыраак гана көңүл бурулат. Бул жаңы стандарт окуучунун мектептен кийин жогорку окуу жайына келечек кесиби боюнча дээрлик даяр абалында баруусун шарттайт.