Кочкор-Ата шаарында 200 орундуу бала бакча ачылды
Бүгүн Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарында №60 “Керемет” балдар бакчасынын салтанаттуу ачылышы болду. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.
Маалыматка ылайык, бала бакча демөөрчүлөр тарабынан курулуп, 200 балага ылайыкталган.
Бакчанын ачылышына президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев катышты.
Облус башчысы бала бакча бүгүн, 1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата колдонууга берилиши, кош майрам экенин айтып, бул жаш бөбөктөр, ата-энелер жана жалпы шаар тургундары үчүн чоң белек болгонун айтты.
Ыйгарым укуктуу өкүл балдар – мамлекеттин эртеңки келечеги экенин белгилеп, ар бир наристе мээримге бөлөнүп, бактылуу балалыкта, татыктуу жашоодо чоңойууга укуктуу экенин кошумчалады.
