Кара-Суу районунда 100 орундуу бала бакча курулууда
Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Савай айыл аймагынын Курбан-Кара айылындагы 100 орундуу бала бачканын курулушу уланууда. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирет.
Объект республикалык бюджеттен каржыланып, курулушу 2024-жылы башталган.
Долбоорго ылайык, эки кабаттуу имарат, көмүр сактоочу жайы менен откана, оюн аянтчалары жана заманбап шарттар каралган. Жалпы аянты 936,08 чарчы метрди түзөт.
Бүгүнкү күндө бала бакчанын пайдубалы тургузулду.
