“Мектептерде эркектин энергиясы жана тарбиясы жетишпейт” – жаран эркек мугалимдерди көбөйтүү зарылдыгын айтууда
14 май

“Мектептерде эркектин энергиясы жана тарбиясы жетишпейт” – жаран эркек мугалимдерди көбөйтүү зарылдыгын айтууда

Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев бүгүн, 14-майда Айтматов районунун тургундары менен жолугушту. 

Шекер айылынын тургуну Кубанычбек Усубалиев билим берүү системасындагы маселе тууралуу айтты. 

“Мен 48 жыл мектепте иштегем. Мугалимдерди сыйлабаган коом өнүкпөйт. Азыр мугалимдердин айлык акысы көбөйтүлдү. Бирок мектептерде  үч гана эркек мугалим бар – директор, дене тарбия мугалими, аскердик даярдоо мугалими. Калганы жалаң аялдар. Азыр балдар физикалык жана руханий жактан алсыз болуп өсүшүүдө, анткени мектептерде аялдык мүнөз басымдуулук кылат. Аялдарга рахмат, жакшы билим берип жатышат, бирок эркек балдар университетте окуп, мектептерге иштөөгө келе тургандай шарт түзүү керек. Мурда аскердик даярдоо сабактары практика жүзүндө окутулчу, азыр балдар аны китептен гана окушат. Куралды кантип кармоону да билишпейт. Эркек мугалимдердин санын көбөйтүү керек”, – деди ал. 

Жумаев облустагы кадрлардын таңкыстыгын чечүүнүн үстүндө иштеп жатышканын, анын алкагында 20 студентти медициналык академияда окутуп жатышканын билдирди. 

“Алар окуусун аяктагандан кийин Таласка келип 5 жыл иштеп берүүгө милдеттүү. Мындан ары эркек мугалимдерди көбөйтүүнүн үстүндө да иштейбиз”, – деди ал.