Бишкекте педагогдордун квалификациясын жогорулатуу программаларын талдоонун жыйынтыктары сунушталды
30 сентябрь

Бишкекте педагогдордун квалификациясын жогорулатуу программаларын талдоонун жыйынтыктары сунушталды

2026-жылдын 29-сентябрында Бишкекте Smart-Ed долбоорунун алкагында жүргүзүлгөн педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу программаларына функционалдык талдоонун жыйынтыктары сунушталды.

Талдоо төрт багытты камтыды: география, кыргыз тили эне тил катары, кыргыз тили экинчи тил катары жана мектепке чейинки билим берүү. Анын максаты — колдонуудагы программалардын педагогдордун кесиптик өнүгүүсүнө коюлган заманбап талаптарга шайкештигин аныктоо.

Талдоонун жыйынтыгында программаларды мындан ары өркүндөтүүнүн багыттары аныкталды. Негизги көңүл практикалык даярдыкты күчөтүүгө, педагогдордун күнүмдүк ишинде кездешкен кесиптик милдеттерди чечүүгө жана окуу натыйжаларын баалоого бурулат.

Талдоонун жыйынтыктары педагогдордун кесиптик көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган, компетенттүүлүккө негизделген жаңы квалификацияны жогорулатуу модулдарын иштеп чыгууга негиз болот.

Маалымат үчүн: Smart-Ed долбоору Кыргыз Республикасында 2025–2029-жылдары Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги тарабынан Ислам өнүктүрүү банкынын (IsDB) жана Билим берүү үчүн глобалдык өнөктөштүктүн (GPE) каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда. Долбоордун иш-чараларын Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) өнөктөштүк колдоосу менен Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институту жүзөгө ашырат.