Ош шаарындагы көчөлөрдүн бирине Чубак ажы Жалиловдун ысымы ыйгарылат
Ош шаарындагы эки ири көчөгө Бегиш Аматов менен Чубак ажы Жалиловдун ысымы ыйгарылат.
Калаа башчысы Жанарбек Акаев сунуштаган бул демилгени Ош шаардык кеңешинин депутаттары колдоп беришкен.
Маалымат үчүн: Бегиш Ааматов — 1990-1994-жылдары эл арасында “Легендарлуу парламент” деп аталган XII чакырылыштын депутаты болгон. 1991-жылдын 31-августунда алгачкылардан болуп, Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгы жөнүндө декларацияны кабыл алуу демилгесин көтөрүп, элибиздин эгемендүүлүк алышына зор салымын кошкон. Бегиш Ааматов 2024-жылдын 26-сентябрда 75 жаш курагында дүйнөдөн өттү.
Чубак ажы Жалилов — 2005-2007-жылдары Бүткүл дүйнөлүк ислам лигасынын Орто Азия боюнча эксперти, 2008-2010-жылдары Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгында бөлүм жетекчиси, ошол эле жылдары Кыргызстан Ислам университетинде мугалим болуп эмгектенген. Чубак ажы Жалилов 2010-2012-жылдары Кыргызстандын муфтийи кызматын аркалаган. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын экс-муфтийи Чубак ажы Жалиловго «Ак Шумкар» өзгөчө белгисин тапшыруу менен «Кыргыз Республикасынын Эл Баатыры» жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылды (каза болгондон кийин).
