Шакиранын Бишкектеги концертине билеттер 12 миңден 40 миң сомго чейин болот
Шакиранын 2026-жылдын 18-октябрында Бишкек Аренада өтө турган концертине билеттердин категориялары жана баалары белгилүү болду.
Билеттерди сатуу 1-октябрда саат 09:00дө (Бишкек убактысы боюнча) башталат. Билет оператору — GovTicket.
Негизги категориялардагы эң кымбат билеттердин баасы 40 миң сомду түзөт. Мындай баа сахнага жакын жайгашкан Fanzone 1 жана Fanzone 2 зоналарына, ошондой эле биринчи категориядагы отургучтарга белгиленген.
Негизги бий аянтчасына (Ground admission) билет 27 миң сом, Skybox үчүн 30 миң сом турат.
Трибунадагы билеттердин баасы 13,5 миң сомдон 40 миң сомго чейин болот. Эң арзан билет — 12 миң сом. Алар сахнанын капталындагы көрүнүшү чектелген орундарга берилет.
Мындан тышкары, премиум VIP категориялар каралган. Расмий маалыматта мындай билеттер чектелген санда кийинчерээк сатыкка чыгары жана негизги категорияларга караганда кымбатыраак болору айтылган.
Ошол эле учурда социалдык тармактарда айрым VIP орундардын баасы болжол менен 1 миң 300 долларга жетери тууралуу маалымат тарады. Бул баа азырынча расмий ырастала элек.
Бишкек Аренадагы сахна чыгыш трибунасынын тушуна жайгаштырылат. Анын артындагы секторлор көрүүчүлөр үчүн жабык болот.
Шакира Бишкекте Las Mujeres Ya No Lloran World Tour дүйнөлүк гастролунун алкагында концерт берет. Программада Hips Don't Lie, Whenever, Wherever, Waka Waka, She Wolf жана жаңы альбомдогу ырлар камтылган.
