Ребека Гринспан БУУнун баш катчысы кызматына талапкерлер арасындагы добуш берүүдө алдыда
Коста-Риканын мурдагы вице-президенти Ребека Гринспан БУУнун кийинки баш катчысы кызматы үчүн күрөштө лидерлигин сактап калды.
БУУнун Коопсуздук кеңешинде өткөн төртүнчү алдын ала добуш берүүнүн жыйынтыгында аны Коопсуздук кеңешинин 10 мүчөсү колдоду, үчөө каршы добуш берип, дагы экөө калыс калды.
Андан кийинки орундарда Гайанадан Кэролин Родригес-Биркетт жана Аргентинадан Рафаэль Гросси турат. Экөө тең сегизден колдоо алган. Ошол эле учурда Родригес-Биркеттке алты мүчө, ал эми Гроссиге жети мүчө каршы добуш берген.
Алдын ала добуш берүү жабык форматта өтөт. Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү ар бир талапкер боюнча үч варианттын бирин тандайт: «колдойм», «колдобойм» же «калыс калам». Добуш берүүнүн расмий жыйынтыктары жарыяланбайт.
БУУнун кийинки баш катчысы кызматына Эквадордон Мария Фернанда Эспиноса, Сенегалдан Маки Салл, Угандадан Олара Отунну жана Эквадордон Ивонн Баки да талапкер болууда.
Коопсуздук кеңеши талапкерди тандап, аны БУУнун Башкы ассамблеясына сунушташы керек. Башкы катчыны расмий түрдө Башкы ассамблея дайындайт.
Буга чейин Гринспан Орусия менен иштешүүгө даяр экенин билдирип, Москва менен диалог уюмдун ишмердүүлүгү үчүн маанилүү экенин айткан. Ошондой эле шайланган учурда Украинадагы тынчтыкка жетишүү багытында иш алып барарын билдирген.
БУУнун азыркы баш катчысы Антониу Гутерриштин экинчи жана акыркы мөөнөтү 2026-жылдын 31-декабрында аяктайт.
