Туристтерди ташуудан түшкөн киреше жарым жылда 6,7 млрд сомду түздү
сүрөт: depositphotos.com
30 сентябрь

Туристтерди ташуудан түшкөн киреше жарым жылда 6,7 млрд сомду түздү

Кыргызстанда 2026-жылдын январь–июнь айларында туристтерди ташуудан түшкөн киреше 6,7 млрд сомду түздү.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, бул көрсөткүч былтыркы жылдын биринчи жарым жылдыгына салыштырмалуу 18,1%га өскөн.

Өсүш туристтик кызмат көрсөтүүлөрдүн жалпы көлөмүнүн жана жайгаштырылган туристтердин санынын көбөйүшү менен коштолду.

Алты айда мейманканалар жана башка кыска мөөнөттүү жайгаштыруу жайлары 4 млрд сомго, туристтик-экскурсиялык кызматтар дээрлик 3 млрд сомго кызмат көрсөтүшкөн.

Жамааттык жайгаштыруу каражаттарына 682 миң адам жайгашкан. Бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 48,5%га көп.