Сыймык Жапыкеев президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирди
Сыймык Жапыкеев Кыргызстандын президенттик кызматына талапкерлигин коюу ниети бар экенин билдирди. Бул тууралуу ал журналист Эрнис Кыязов менен подкаст жаздыргандан кийин социалдык тармактагы баракчасына жазды.
«Буюрса, президенттикке барам», — деп жазган Жапыкеев.
Анын айтымында, подкаст учурунда президент Садыр Жапаровдун ишмердүүлүгү тууралуу сөз болуп, анын оң жана терс жактарына токтолгон.
Жапыкеевдин маалыматына караганда, маектин толук версиясын азырынча жарыялабоо чечими кабыл алынган. Эрнис Кыязов муну БШКнын шайлоо алдындагы үгүт иштерине байланыштуу талаптары менен түшүндүргөн. Азырынча маектин анонсу гана жарыяланып, толук версиясын үгүт өнөктүгү башталгандан кийин чыгаруу пландалууда.
Ошондой эле Жапыкеев болочок талапкерлерди шайлоого мыйзам чегинде катышууга чакырып, добуш берүү ачык жана таза өтөрүнө үмүт билдирди.
Кыргызстанда президенттик кезектеги шайлоо 2027-жылдын 27-январына дайындалган.
Сыймык Жапыкеев буга чейин Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматты жетектеген. Ал 2020-жылдагы окуялардан кийин жана коррупция боюнча ачык билдирүүлөрү менен коомчулукка кеңири таанылган.
