Иллюстрациялык сүрөт
30 сентябрь
Ат-Башы районунда беш чакырым жолго асфальт төшөлдү
Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Таш-Рабат автожолунун 5 чакырым бөлүгүнө асфальт төшөө иштери аткарылды.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашкандай, жалпы узундугу 15 чакырымды түзгөн аталган жолдун 5 чакырымы быйылкы жылга карата бекитилген планга ылайык асфальтталды.
Ал эми жолдун калган 10 чакырым бөлүгүнө асфальт төшөө иштерин кийинки жылы улантуу пландалууда.
Таш-Рабат автожолун оңдоо жана асфальттоо иштери жолдун сапатын жакшыртууга, айдоочулар жана жергиликтүү тургундар үчүн ыңгайлуу жана коопсуз шарттарды түзүүгө багытталган.
