Мас абалында видеосу тараган бала бакчанын жетекчиси жана 5 кызматкери иштен алынды
Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнүн билдирүүсү боюнча, райондогу «Фаризат» бала бакчасынын жетекчиси жана 5 кызматкери ээлеген кызмат ордунан бошотулган.
Маалыматта буга 2025-жылдын 15-майында интернет айдыңында жарыяланган тасма (бала бакчанын жетекчисинин мас абалындагы видеосу) себеп болгондугу айтылат.
«Видео бир жыл мурун райондогу бала бакчада тартылган», – деп айтылат маалыматта.
Кочкор райондук билим берүү бөлүмү тарабынан жүргүзүлгөн кызматтык териштирүүнүн жыйынтыгында бала бакчанын жетекчиси жана 5 кызматкери ээлеген кызмат ордунан бошотулган.
