Ысык-Көл: Өрнөктөгү жаңы бала бакча жакында пайдаланууга берилет
21 ноябрь

Ысык-Көл: Өрнөктөгү жаңы бала бакча жакында пайдаланууга берилет

Ысык-Көл районуна караштуу Өрнөк айылындагы жаңы бала бакчанын курулуш бүткөрүлдү. Жакынкы күндөрү пайдаланууга берүү пландалууда.

Объекттин курулуш 2024-жылы башталып, республикалык бюджеттен 78 миллион сом каржыланды.

Долбоорго ылайык, бала бакча 100 орунга ылайыкталган, заманбап шарттары бар эки кабаттуу имараттан турат. Жалпы аянты 946 чарчы метрди түзөт.