Камчыбек Ташиев Жалал-Абад шаарындагы 11-класстын окуучуларына ачык сабак өттү
1 сентябрь

Камчыбек Ташиев Жалал-Абад шаарындагы 11-класстын окуучуларына ачык сабак өттү

Бүгүн билим күнүнө жана жаңы окуу жылынын башталышына карата Жалал-Абад шаарындагы №14 Сатыбалды Давлетов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин 700 орундуу кошумча имаратынын ачылышы өттү.

Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, Жалал-Абад облусунун башчысы Тилек Текебаев, ошондой эле шаар мэри Эрнисбек Ормоков катышты.

Салтанатта УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жаңы окуу жылынын башталышы менен мугалимдерди, окуучуларды жана ата-энелерди куттуктады. Ал ошондой эле өлкөнүн билим берүү тармагында көрүлүп жаткан иштерге токтолуп, эскилиги жеткен мектептерди жаңылоо боюнча тийиштүү иш аракеттер улантыларын белгиледи.

Бүгүн Жалал-Абад облусунун аймагындагы 485 мектепте билим күнү белгиленди.

2025–2026-окуу жылына карата 16 мектептин жаңы имараты, 4 мектептин кошумча имараты, 2 спорт зал жана 1 мектептин актовый залы пайдаланууга берилди.