Баткенде төрт типтүү мектеп ачылды
Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов Баткен районунун Газ айылындагы "Газ" орто мектебиндеги билим күнүнө арналган иш-чарага катышты.
Облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашкандай, Шаменов мугалимдерди жана окуучуларды жаңы окуу жылы менен куттуктап, ийгиликтерди каалады.
Облус башчысы мектептин бүтүрүүчүлөрү жана 1-классынын окуучулары менен баарлашып,татыктуу билим алууга чакырып, кең келечек каалады.
Тоолуу айылда жайгашкан "Газ" орто мектебинин жаңы имараты 2021-жылы пайдаланууга берилген.
Окуучулары өткөн жылы республикалык жана Улуттук олимпиадаларда 2-4-орунду камсыз кылышкан.Өткөн окуу жылынын жыйынтыгы менен 29 бүтүрүүчү мектепти аяктап, анын 27си жогорку окуу жайларына ийгиликтүү кабыл алынган.
Облуста жалпы 240 мамлекеттик мектеп,120 232 окуучу бар.
Быйыл 1-класска 9382, 2-класска 10 763 окуучу кабыл алынды.
Белгилей кетсек, быйылкы жаңы окуу жылында төрт типтүү мектеп ачылып,пайдаланууга берилди.
Алар;
- Лейлек районунун Тогуз-Булак айыл аймагынын Ай-Көл айылындагы, 225 орундуу “Наркозу Батыров” атындагы орто мектеби.
- Лейлек районунун Кең-Талаа айыл аймагынын Бешкент айылындагы 500 орундуу “Келечек” атындагы орто мектеби.
- Лейлек районунун Тогуз-Булак айылынын Миң-Жыгач айылындагы 225 орундуу “Жаш тилек” орто мектеби.
- Кадамжай районунун Майдан айыл аймагынын Сары Алтын айылындагы 225 орундуу “Сары Алтын” орто мектеби.
