Ош шаарындагы мектептер окуучуларга эшигин ачты
1 сентябрь

Ош шаарындагы мектептер окуучуларга эшигин ачты

Бүгүн, 1-сентябрда Ош шаарындагы мектептерде жаңы окуу жылы башталып, майрамдык линейкалар өттү.

Мэр Жеңишбек Токторбаев А. Навои мектебиндеги салтанаттуу иш-чарага катышып, жалпы окуучуларды жана мугалимдерди жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктады.

Калаа башчы мугалимдердин түйшүктүү жумушуна ийгилик каалап, ата-энелерди тыгыз, ынтымакта иштешүүгө чакырды.

Быйыл шаардагы мектептерге 5 миңден ашуун бала 1-класска кабыл алынды. Ал эми 2-класстар 8 миңге жакын. Бул жылы Ош шаарындагы 70 мамлекеттик, 52 жеке менчик мектепте 110 миңден ашык окуучу билим алат.

Эскерте кетсек, жаңы окуу жылында Кыргызстандагы мектептер “Алтын казык” программасы менен билим берүүнү баштады.