VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын илимий программасы өз ишин ийгиликтүү жыйынтыктады
Программанын алкагында көчмөн цивилизациялардын тарыхын, маданиятын, философиясын, салттарын жана мурасын изилдөө, ошондой эле илимий изилдөөлөрдүн жаңы багыттарын аныктоо үчүн эл аралык аянтча түзүлдү.
Программанын негизги иш-чараларынын бири болгон «Көчмөндөр цивилизациясы: мурасы, парадигмалары жана келечеги» аттуу эл аралык илимий конференцияга чет өлкөлүк окумуштуулар жана изилдөөчүлөр катышып, пленардык отурум жана сегиз тематикалык секция иш алып барды.
Катышуучулар илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын жана ар түрдүү илимий ыкмаларды сунуштап, актуалдуу маселелерди талкуулашты, кесиптик байланыштарды түзүштү жана мындан аркы кызматташтыктын келечегин аныкташты.
Конференциянын негизги жыйынтыгы — мындан аркы иштин конкреттүү багыттары аныкталган резолюциянын кабыл алынышы болду.
Атап айтканда, көчмөн цивилизациялардын тарыхын, маданиятын, философиясын, салттарын жана мурасын изилдөө боюнча эл аралык илимий иштерди улантуу, ошондой эле мурасты сактоо үчүн санариптик инструменттерди — электрондук архивдерди, санариптик коллекцияларды жана илимий маалымат базаларын өнүктүрүү каралган.
Ошондой эле окумуштуулардын өз ара аракеттенүүсү үчүн туруктуу эл аралык аянтча түзүү жана тарых, археология, этнология, антропология, философия, маданият, экология жана башка илимий багыттардын адистеринин катышуусунда дисциплиналар аралык изилдөөлөрдү кеңейтүү каралган.
Көчмөн коомдордун салттуу экологиялык билимдерин жана тарыхый тажрыйбасын климаттын өзгөрүшү, жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жана туруктуу өнүгүү шарттарында изилдөөгө өзгөчө көңүл бурулат.
Мындан тышкары, көчмөн элдердин тарыхын жана салттуу маданиятын агартуу жана медиадолбоорлордо колдонуу, ошондой эле алардын материалдык жана материалдык эмес мурастарын сактоо жана эл аралык деңгээлде жайылтуу боюнча милдеттер белгиленди.
Кабыл алынган резолюция мындан аркы биргелешкен иш алып баруу үчүн мамлекеттик, илимий, билим берүү, маданий жана эл аралык уюмдарга жөнөтүлөт.
Дагы бир маанилүү практикалык жыйынтык — конференциянын илимий жыйнагы жарык көрдү. Ага конференциянын катышуучуларынын баяндамалары жана илимий эмгектери киргизилип, алар түп нуска тилдеринде жарыяланды.
Жыйнак изилдөөчүлөр, анын ичинде жаш окумуштуулар үчүн илимий жана билим берүү ресурсу катары кызмат кылат.
Кыргыз Республикасы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын демилгелеген өлкө катары илимий багытты мындан ары да өнүктүрүүгө, эл аралык илимий байланыштарды бекемдөөгө жана биргелешкен изилдөөлөрдү, академиялык алмашууларды жана эл аралык долбоорлорду колдоого ниеттенет.
