Кыргызстан алгачкы ирет физика боюнча Европа олимпиадасында медаль жеңди
Агартуу министрлиги
17 июнь

Кыргызстан алгачкы ирет физика боюнча Европа олимпиадасында медаль жеңди

«Аалам» эл аралык мектебинин (AIMS Razzakov) 12-классынын окуучусу Аскар Абдиев Физика боюнча 10-Европа олимпиадасында (EuPhO 2026) коло медаль жеңип алып, Кыргыз Республикасынын аталган абройлуу эл аралык олимпиададагы алгачкы медалынын ээси болду. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен кабарлашты.

Мындан тышкары, аталган олимпиадага катышкан «Газпром Кыргызстан» мектебинин 11-классынын окуучусу Айтегин Эмилбеков Honourable Mention (Ардак грамота) сыйлыгына татыктуу болду. Бул жетишкендик Кыргыз Республикасынын физика боюнча Европа олимпиадасына (EuPhO) катышуу тарыхындагы алгачкы Ардак грамота болуп эсептелет.

Физика боюнча Европа олимпиадасы 2026-жылдын 12–16-июнь күндөрү Швециянын Гётеборг шаарында өттү. Олимпиадага дүйнөнүн 41 өлкөсүнөн 199 окуучу катышып, физика боюнча теориялык жана эксперименталдык тапшырмаларды аткарышты.

Кыргыз Республикасынын олимпиададагы командасынын жетекчиси Дүйшөн Сатыбалдиев болду.

Аскар Абдиевдин машыктыруучулары — Чынтемир Сабыров жана Улукбек Ажыбаев болсо, Айтегин Эмилбековдун машыктыруучулары — Андрей Сидоренко жана Тургунбек Омурканов.