Токмокто окуучуну зордуктоого шектелип 21-жаштагы мугалим кармалды
Чүй облусуна караштуу Токмок шаарында жашы жете элек окуучуга карата зомбулук көрсөтүүгө шектелип мугалим кармалды. Бул тууралуу Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Милициянын маалыматына ылайык, 10-апрелде шаардагы мектептердин биринде болгон окуя боюнча милицияга билдирүү түшкөн.
Окуяга 2005-жылы туулган мугалим шектелүүдө. Окуя 2012-жылы туулган окуучу кызга байланыштуу болушу мүмкүн экени айтылууда.
Бул факты боюнча кылмыш иши козголду. Шектүү эки айга тергөө абагына камакка алынды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат, окуянын бардык жагдайлары такталууда.
Шаардык билим берүү бөлүмү билдиргендей, аталган жигит 2025-жылдын октябрь айында ишке кабыл алынган. Башында ал катчы кызматын аркалап, кийин кайра даярдоодон өтүп мугалим болуп иштей баштаган. Кадр жетишсиздигинен улам ага бир катар предметтер боюнча сабак сааттары берилген.
Укук коргоо органдары тергөө иштерин улантууда.
