Ысык-Көлдүн Бирлик айылында жаңы бала бакча курулууда
2 декабрь

Ысык-Көлдүн Бирлик айылында жаңы бала бакча курулууда

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Бирлик айылында 100 орундуу жаңы бала бакча салынууда.

Курулуш министрлигинен кабарлашкандай, иштери республикалык бюджеттен каржыланып, 2024-жылы башталган. Объекттин тендердик баасы 80 миллион сомду түзөт.

Жаңы бала бакча заманбап талаптарга жооп берген, эки кабаттуу имараттан турат. Курулуш иштерин «Петра Строй» ЖЧКсы жүргүзүп жатат.