Кыргызстанда 858 миңден ашуун орундуу мектептер 1,5 миллион окуучуну камтыйт
23 июнь

Кыргызстанда 858 миңден ашуун орундуу мектептер 1,5 миллион окуучуну камтыйт

Кыргызстанда бүгүнкү күндө 2153 орто мектеп бар, бул жеке мектептерди, интернаттарды эсептебегенде, жалпы орун – 858 193. Ал эми окуучулардын саны – 1,5 миллион. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында айтылды.

«Суроо-талаптын бир бөлүгү быйыл жаңы курулган мектептер жана кошумча корпустар аркылуу жабылды. Азыр 163 миң орун жетишпейт», – деди агартуу министринин орун басары Надира Жусупбекова.

Ал белгилегендей, Баткен облусунда 65 мектепте 8737 орун жетишпейт. 174 мектепте 46 миң бош орун бар. Жалал-Абад облусунда болсо, 153 мектепте 32 миң орун жетишпесе, 315 мектепте 85 миң бош орун бар.

«Мындай маселе ар бир облуста кездешет. Өлкө боюнча 59 мектеп авариялык абалга кептелип, капиталдык оңдоодон өткөрүлүшү күтүлүүдө. Талдоолордун жыйынтыгында, биз жаңы мектеп керек болгон же корпус оңдоо иштеринен өтүшү зарыл айыл, шаар, райондордун тизмесин бердик. Алар биринчи кезекте каралат», – деди орун басар.