Бекешев: Акча бар дейбиз, миллиондогон суммаларды айтабыз, бирок бала бакчаларга акча жок, муну кандай түшүнсө болот?
23 июнь

Бекешев: Акча бар дейбиз, миллиондогон суммаларды айтабыз, бирок бала бакчаларга акча жок, муну кандай түшүнсө болот?

Депутат Табылды Муратбеков Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында агартуу министринин орун басары Надира Жусупбековадан бала б»

“Бала бакчалардын директорлору 12-13 миң сом айлык акы алышат экен. Акыркы жылдары социалдык тармактагы кызматкерлердин баарынын айлык акысы көтөрүлүп жатат, а бала бакча директорлорунун маянасы качан көтөрүлөт?» – деди ал.

Надира Жусупбекованын айтымында, бул маселе боюнча Агартуу министрлиги Финансы министрлигинине бир нече жолу кайрылган. Финансы министрлиги каржылоо булактарын тапса эле, маянаны жогорулата турганын убада берген.

Депутат Дастан Бекешев бала бакчалардын башка кызматкерлери дагы аз айлык акыга иштеп жатканын белгиледи.

«Бир гана директорлордун эмес, ашпозчулардын, тарбиячылардын да айлыгын көтөрүү керек. Тарбиячылардын жардамчылары дагы 11-12 миң сом алышат, бул абдан аз. Анан албетте, эч ким иштегиси келбейт. Чыдагандар эптеп чыдап иштеп жатышат, балким аларды үмүт кармап турат. Бардык жерде акча бар деп айтышат, а эмнеге элементарлуу нерселерге акча жок. Мектептер, бала бакчалар курулуп жатат, бирок ал жерде кимдер иштешет эгер кадрлар кете берсе?», – деди ал.

«2026-жылдын апрель жана октябрь айларында эки этап менен айлык акы көтөрүлөт. Бала бакчалардын директорлорун дагы бул тизмеге киргизүүгө аракеттенебиз», – деди Жусупбекова.