Агартуу министринин орун басары депутат Мамашеваны “тажатты”: Калп сөздөрүңүзгө мен чыдабай калдым, сиздин бетиңиз кантип чыдап жатат?
23 июнь

Агартуу министринин орун басары депутат Мамашеваны “тажатты”: Калп сөздөрүңүзгө мен чыдабай калдым, сиздин бетиңиз кантип чыдап жатат?

Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Айсулуу Мамашева агартуу министринин орун басары Надира Жусупбекованы айткан сөзүнүн өтөөсүнө чыкпайт деп айыптады.

«Сиз бир да бала мектепке барбай калбайт деп айткансыз. Бул чоң жалган. Мүмкүнчүлүгү чектелген балдар кайра эле эшиктин сыртында калышты. Толук кандуу билим алууга мүмкүнчүлүктөрү жок. ПМК реформасын жакшы эле баштадыңар, жумушчу топ түзүп, бир нече жолу чогулдук. Ошондо да калп айттыңыз, белгиленген күнү чогулбай, эки жума кеч жыйын өткөрдүк. Мен жалган сөздөргө чыдабай калдым, сиздин бетиңиз кантип чыдап жатат? ПМКнын реформасы ишке ашпады. Мүмкүнчүлүгү чектелген балдар окубады, мындан ары да силердин жардамыңар менен окубайт», – деди депутат.

Ал Агартуу министрлиги сөздөн ишке өтө албай жатканын, билим берүү деңгээли мурдагы абалынан алдыга такыр жылбаганын белгиледи.

«PISA-тест быйыл тапшырдык, жыйынтыгы 2026-жылы чыгат. Андан жакшы жыйынтыкка жетерибиз күмөн. Мисалы, Казакстан 81 өлкөнүн ичинен 51-орунду алган, дагы да алдыга жылууга умтулуп жатышат. 2006-2009-жылдары биз PISA боюнча эң акыркы орунда болчубуз, бул жолу да акыркы орун алаарыбызга шек жок. Себеби, сиздердин жумуш канааттандыраарлык эмес, сөздөн башка колуңардан эч нерсе келбей жатат. Надира Санташевнанын, жомоктогудай кооз сөздөрүн уга берип... чын, тажатып салдыңыз. Ата-энелер бизге кайрылып, биз силерге айтсак “депутаттык лобби” деп чыктыңыз», – деди Айсулуу Мамашева.

Надира Жусупбекова Айсулуу Мамашеваны өзүн кармоого, сабырдуу болууга чакырды.

«Бул жыйынды жаш балдар да көрөт, сураныч, бири бирибизди сыйлап, жаман сөздөрдөн алыс бололу. ПМКнын абалы сиздин жеке эксперттериңиз менен чогуу талкууланган, азыр оңдолуп жатат. Ооба, мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды 100 пайыз билим берүүгө камтый албадык, биз кооз сүйлөп алдабай эле ачыгын айтып жатабыз. Бишкекте жана аймактарда бир нече коррекциялык класстар ачылууда. Мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын арасынан диагнозу жеңилдерди коррекциялык класстарга жайгаштырдык. Алардын жарасы жеңил экен, маселеси чечилгенден кийин кадимки класстарга кошулушат. Ал эми диагону оорураак балдарды атайын мектепке чейинки уюмдарга жана мектептик уюмдарга жайгаштырабыз», – деди министрдин орун басары.

Бул жоопко Мамашева «сиз балдарды 100 пайыз билимге тартабыз деп айткансыз», – десе, министрдин орун басары «кадимки балдарды айткам”, - деди. Анда депутат «кадимки балдар ансыз деле мектепте тартылышат», – деп жооп берди. Ошондой эле, ал мүмкүнчүлүгү чектелген балдар дагы кадимки балдар экенин белгилеп, Жусупбекованы бөлүп карабоого чакырды.