Алай районунда 140 орундуу бала бакча курулууда
12 сентябрь

Алай районунда 140 орундуу бала бакча курулууда

Ош облусунун Алай районуна караштуу Сары-Могол айылында заманбап бала бакчанын курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирет.

Долбоор Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан ишке ашырылып, республикалык бюджеттен каржыланууда. Объекттин жалпы наркы 86 миллион сомду түзөт.

Бала бакчанын жалпы аянты 1398 чарчы метрди түзүп, 140 орунга ылайыкталган. Азыркы тапта курулуш-монтаждоо иштери 65 пайызга бүткөрүлдү.

Бала бакчаны быйыл жыл аягына чейин пайдаланууга берүү пландалууда.