Өлкөдөгү диний окуу жайлардын көбүнүн сапаты өтө төмөн — президент Жапаров
25 декабрь

Өлкөдөгү диний окуу жайлардын көбүнүн сапаты өтө төмөн — президент Жапаров

Өлкөдө 200дөн ашуун диний окуу жайлары бар болсо, анын көбүнүн сапаттары өтө төмөн, бирдиктүү стандартка жооп бербейт жана салттуу диний баалуулуктар баардыгында бирдей окутулбайт. Бул тууралу президент Садыр Жапаров Бишкекте өтүп жаткан IV Элдик курултайда билдирди.

Мамлекет башчысы быйылкы жылдын башында кабыл алынган “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзамдын максаты – коомдогу диний көз караштан улам, бөлүнүп-жарылуунун, жамаатташуунун алдын алуу жана диний чөйрөдө бирдиктүү борборлоштурулган институтту бекемдөө болуп саналарын айтты. 

"Диний билим берүүдө да маселелер бар. Ошондуктан диний окуу жайларды борборлоштуруу, бардыгына бирдей бирдиктүү стандарттарды иштеп чыгуу, кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана салттуу исламдын сапаттуу өнүгүүсүн камсыздоо – мамлекеттин артыкчылыктуу багыттарынын бири болот", – деди ал.