Министр Догдуркүл Кендирбаева  “Тунгуч” онлайн-мектебине барды
28 октябрь

Министр Догдуркүл Кендирбаева  “Тунгуч” онлайн-мектебине барды

2025-жылдын 27-октябрында Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева министрликке караштуу “Тунгуч” онлайн-мектебинин ишмердүүлүгү менен таанышты.

Министр мектеп имаратынын оңдоп-түзөөдөн кийинки абалы жана жаңыланган жабдыктар менен камсыздалышы боюнча маалымат алып, шарттарды көрүп чыкты.

Ошондой эле ал онлайн-мектептин жетекчилигине окуу процессин өркүндөтүү жана сапаттуу билим берүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-мартындагы № 136 токтомуна ылайык 2025-2028-жылдар аралыгында пилоттук негизде “Тунгуч” онлайн-мектеби түзүлгөн.

Бул демилгенин башкы максаты – географиялык жактан алыс жайгашкандыгына, ден соолугуна же башка себептерге байланыштуу кадимки мектепке бара албай калган окуучуларды сапаттуу билим менен камсыздоо жана санариптик технологияларды колдонуу аркылуу жаңы ыкмаларды өнүктүрүү.