Ош шаарында 10 мектеп салынууда. Орунтаев курулуш иштерин текшерди
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев 14-мартта иш сапары менен Ош шаарында республикалык бюджеттин эсебинен курулуп жаткан 10 мектептин курулушунун жүрүшүн текшерди. Бул тууралуу ведомстводон кабарлашты.
Иш-чарага Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, тиешелүү департаменттердин жетекчилери жана подряддык уюмдун өкүлдөрү катышты.
Республикалык бюджеттин эсебинен курулуп жаткан мектептер:
1. Озгур айылындагы Коңур-Жаз көчөсүнүн №3 дарегинде жайгашкан №33 С.Алымкулов атындагы орто мектебинин аймагына 375 орундуу кошумча окуу корпус.
2. Курманжан-Датка муниципалдык аймактык башкармалыгынын Н. Исанов көчөсүнүн №27а/1 дарегинде жайгашкан Ж. Бөкөнбаев атындагы мектебинин аймагына 750 орундуу кошумча окуу корпус.
3. Курманжан Датка муниципалдык аймактык башкармалыгы Ташкент көчөсү 50 дарегинде жайгашкан №2 Салижан Жигитов (Карл Маркс) мектебинин аймагына 1000 орундуу мектеп.
4. Сулайман-Тоо муниципалдык аймактык башкармалыгы Курманжан Датка көчөсү 97 дарегинде жайгашкан №3 М.В. Ломоносов атындагы орто мектебинин аймагына 750 орундуу мектеп.
5. Төлөйкөн айыл аймактык башкармалыгы Ак-Буура 2 (40 га) конушундагы 10-көчө, №26 жер тилкесине 700 орундуу жаңы мектеп.
6. Кызыл-Кыштак айыл аймактык башкармалыгы Ишкаван айылында жайгашкан жер тилкесине 700 орундуу жаңы мектеп.
7. Кызыл-Кыштак айыл аймактык башкармалыгы Сары-Зоо участкасынын 2-көчөсүнүн №20к дарегиндеги мектепке каралган жер тилкесине 500 орундуу мектеп.
8. Манас-Ата муниципалдык аймактык башкармалыгы У. Салиева көчөсүндөгү №38 Барпы Алыкулов атындагы орто мектебинин аймагына кошумча окуу корпус.
9. Кызыл-Кыштак айыл аймактык башкармалыгы Эне-Сай жаңы конушуна 1200 орундуу жаңы мектеп.
10. Кызыл-Кыштак айыл аймактык башкармалыгы Сүрөттүү-Таш айылы, Х. Хабибуллин көчөсү 2 дарегиндеги жер тилкеге 500 орундуу жаңы мектеп.
Министр аталган объекттердин курулуш иштери жана долбоордук документтери менен таанышып, иштин сапатына өзгөчө көңүл буруу жана курулушту өз мөөнөтүнөн кечиктирбөө талабын койду.
Белгилей кетсек, президенттин тапшырмасына ылайык, 2026-жылы респбуликалык бюджеттин эсебинен өлкө аймагындагы окуучулардын саны көп деп саналган 3 шаарга 36 мектеп куруу пландалган. Бүгүнкү күндө Бишкек шаары боюнча 20, Ош шаарында 10 жана Манас шаарында 6 жаңы мектептин курулушу жүрүүдө.
