Кесиптик башталгыч билим берүү уюмдарынын ассоциациясынын иши жандандырлат
5 сентябрь

Кесиптик башталгыч билим берүү уюмдарынын ассоциациясынын иши жандандырлат

2026-жылдын 4-сентябрында Кыргыз Республикасынын Агартуу министринин орун басары Виктория Мозгачева Кесиптик башталгыч билим берүү уюмдарынын ассоциациясынын президенти Тамара Сосновская, Ассоциациянын өкүлдөрү, ошондой эле бир катар кесиптик лицейлердин директорлору менен жолугушту.

Жолугушууда кесиптик башталгыч билим берүү системасындагы актуалдуу маселелер жана аларды чечүү жолдору талкууланды.

Дуалдык окутууну өнүктүрүүгө жана бул багытта иш берүүчүлөр менен кызматташууну күчөтүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Ассоциациянын өкүлдөрү бир катар сунуштарын билдиришти. Алар кесиптик лицейлердин материалдык-техникалык базасын жакшыртуу, билим берүү программаларынын мазмунун өркүндөтүү жана аларды эмгек рыногунун талаптарына шайкеш келтирүү боюнча министрликтин мындан аркы ишинде эске алынат.

Мындан тышкары, кесиптик билим берүү тармагында жаңы долбоорлорду ишке ашыруу жана билим берүү уюмдары менен иш берүүчүлөрдүн өз ара кызматташуусун кеңейтүү маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Ассоциациянын өкүлдөрү анын ишин жандандыруу жана натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча да сунуштарын беришти. Ассоциациянын учурдагы президенти жаңы жетекчини шайлоо демилгесин көтөрдү.