Манас шаарындагы Дөмөр айылында 500 окуучулук жаңы мектеп курулууда
Жалал-Абад облусунун Манас шаарындагы Дөмөр айылында 550 окуучу окуй алган жаңы мектептин курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен кабарлашты.
Курулуш иштери 2025-жылдын апрель айында башталган. Учурда жалпы иштердин 45 пайызы аткарылды.
Долбоорго ылайык, мектепте 18 окуу классы, бардык шарттары менен спорт залы, жыйындар залы жана ашкана каралган.
Курулушу мамлекеттик казынадан каржыланып, тендердик баасы 158 миллион сомду түзөт. Азыркы учурда курулуш аянтчасында 40 жумушчу иштеп жатат.
Белгилей кетсек, эски мектеп 1962-жылы ашар жолу менен курулган.
